• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилин окутуу боюнча курс өтүүдө - видео

Билим 0


Бишкек, 20.10.21. /Уланбек Турдуканов – Кабар/. Бишкекте 11-октябрдан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кыргыз тилин Кыргызтесттин деңгээлине ылайык окутуу курстары өтүүдө.

Окутууну КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте өткөрүүдө.

Курстун биринчи агымына Бажы кызматы, Салык кызматы, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери окутулуп жатат.

Окутуу борборунун адиси Гүлзина Мыйзанбекова курстун алкагында кыргыз тестке даярдыктар жүрүп жатканын, ошондой эле иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү, туура сүйлөө жана туура жазуу боюнча окутуу жүрүп жатканын айтат.

“Окутуу мамлекеттик кызматкерлердин мындан аркы ишмердүүлүгүнө аябай чоң пайдасын тийгизерине ишенебиз. Кыргыз тилди карапайым калктан мамлекеттик кызматкерлерге чейин толук кандуу үйрөнүшүнө шарт түзүп жатабыз”, - деди Мыйзанбекова.

Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын киреше башкармалыгынын башкы инспектору Тимур Солтобаев курстун пайдасы иш кагаздарды кыргыз тилинде жүргүзгөнгө шарт түзөрүн белгиледи.

“Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин үйрөнүп, иш жүзүнө ашырып жатабыз. Кыргыз тилин билүү чоң мааниге ээ, ар бир мамлекеттик кызматкер кыргыз тилин билүүгө милдеттүү”, - дейт ал.

Ал эми Финансы министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу агенттигинин адиси Талант Жайчибеков жасаган иштери көбүнчө орус тилде жүргөнүнө токтолду.

“Биздин иш жүргүзгөндүгүбүздүн бардыгы орус тилинде болсо, бүгүнкү күндөн баштап кыргыз тилинде түшүнүп, иш алып бара баштадык”, - дейт Жайчибеков.

Эскерте кетсек, окутуу курстары 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын негизинде окутулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий