• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам долбоорунун коомдук угуусу өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы - президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам долбоорунун коомдук угуусу өтүүдө.

Жапаров өз сөзүндө, өлкөдө мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү ички дүң продукциянын (ИДП) 12 пайызын түзөрүн билдирди.

“Мамлекеттик сатып алуулар ИДПнын олуттуу бөлүгүн түзөт. COVID-19 пандемиясынын учурунда биз канчалык импортко көз каранды экенибизди түшүндүк. Өкмөт мамлекеттик сатып алуулар жергиликтүү ишканаларды колдоонун ордуна импортту көбөйтүүгө багытталганына тынчсызданды”, - деди ал.

Акылбек Жапаров жыл башынан бери мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү 5-6 млрд сомду түзгөнүн, бул каражатты ата мекендик ишканаларга жумшаса болорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий