• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында басылып чыккан 16 китептин бет ачары болду

Коом 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын алкагында чыккан 16 китеп тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, аталган программанын алкагында 4 багыт боюнча 16 китеп басылып чыгат - "Азыркы адабият" сериясында кыргыз акын-жазуучуларынын эмгектери, "Дүйнөлүк адабият" сериясында дүйнөлүк классиктердин кыргыз тилине которулган чыгармалары, "Дүбүрт" сериясында жаш калемгерлердин чыгармалары жыйнак болуп басылып чыкса, "Дүйнө" сериясында кыргыз адабиятынын башка тилдерге котормосу жарык көрөт. Быйыл китеп басып чыгарууга 1,6 млн сом бөлүнүп, анын 609 миң сому үнөмдөлүп, кайра өкмөткө кайтарылып берилген.

"Биринчи "Азыркы адабият" топтомунда 5 китеп жарык көрдү. Биринчиси, кыргыздын белгилүү акыны Кармышак Ташбаевдин экинчи өмүрүн улаган "Тандалмалар" ырлар жыйнагы жарык көрдү. Ага акындын мурда чыкпаган ырларын жана ырларынын мыктыларын тандап киргиздик. Ал 7 бөлүмдөн турат. Андан тышкары Сүйөркул Тургунбаевдин элибизге таанымал акын-жазуучулар тууралуу сын-пикирлери, маектери иргелип, топтолуп "Акындарга аздек сөз" деген аталышта өзүнчө китеп болуп чыкты. Ошондой эле Жакыпбек Абдылдаевдин "Ачуу дары", акын Абдыжапар Эгембердиевдин "Терең дайра тынч агат" жана Атантай Акбаровдун "Жүрөгүм сынды, таңа албайм" деген китептери жарык көрдү", - деди ал.

Ал эми "Дүйнөлүк адабият" сериясында Кубанычбек Басылбековдун котормосундагы "Улуу Кытай поэзиясы", Абдыкерим Муратовдун котормосундагы "Ак булут, аппак булут" (өзбек жазуучуларынын аңгемелери), Айдарбек Сарманбетовдун котормосундагы түрк тилдүү жазуучулардын чыгармалары "Каражорго, Акбозат", Аалы Молдокановдун котормосундагы түрк жазуучу-сатириги Азиз Несиндин аңгемелери "Айтендин күйөөсү", Саха жазма адабиятынын негиздөөчүсү, тилчи, адабиятчы Платон Ойунскийдин уламыш, аңгемелери Алтынай Темированын котормосунда "Улуу Кудангса" деген аталыш менен басылып чыккан.

Ошондой эле "Дүйнө" сериясында Алыкул Осмоновдун ырлары кыргыз, орус, англис тилдеринде, (түзүүчү Памирбек Казыбаев), Э. Эрматовдун "Мухаммед пайгамбар" поэмасы англис тилинде (котормочу Алтынай Токтоматова) жана Абулфайзин Хонкелдиевдин "Хайвонат олами хакида эртаклар" (өзбек тилинде) китеби жарык көргөн.

"Андан тышкары, "Дүбүрт" деген топтом бар. Анда жаш калемгерлерге мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой калмегрелерибиздин бири Элгүлү Арабаеванын "Сезим сыры" деген жыйнагы, Садырбек Турдубек уулунун "ПоэзийАНТ" китептери чыкты. Андан тышкары, жети дубандын калемгерлери катышкан республикалык биринчи адабий фестивалдын жеңүүчүлөрүнүн ырларын топтогон "Чексиз жол" деген аталыштагы жыйнак чыкты", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий