• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата флешмоб өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.09.2019 /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрь күнү Бишкекте "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата флешмоб түрүндө чакан сынак өткөрүүдө.

Тесттин катышуучулары лексика, грамматика, угуп жана окуп түшүнүү, өз оюн жазуу түрүндө жана оозеки айтып берүү боюнча сынактан өтүшүүдө. Сынактын жыйынтыктары дароо чыгарылууда.

Тестти каалоочулардын баары тапшыра алат. Иш-чара "Бишкек Парк" соода борборунда өтүүдө.

Белгилей кетсек, сынактын жүрүшү "Кыргызтесттин" сайтында онлайн түрдө көрсөтүлүүдө. Тесттин катышуучуларына чакан белектер берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий