• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мамлекеттик жана саясий ишмер Эсенгул Өмүралиевдин элесине арналган тегерек стол өтөт

Коом 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Бишкекте белгилүү мамлекеттик жана саясий мамлекеттик ишмер Эсенгул Өмүралиевдин элесине арналган тегерек стол өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 20-октябрда саат 09:30да башталат.

Тегерек столго Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун, министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин, КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин, КР президенттин администрациясынын тышкы иштер саясатынын бөлүм башчысы Жээнбек Кылыбаевдин жана башка белгилүү саясий жана мамлекеттик ишмерлердин катышуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев 68 жаш курагында дүйнө салган.

Эсенгул Өмүралиев 1950-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң айылында туулган. Фрунзе Политехникалык институтун бүтүргөн соң Электро-механика илим изилдөө институтунда бир нече жыл иштеген.

Пикир

Оставить комментарий