• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Манас” эпосунун күнү белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 05.12.17./Кабар/. Бишкекте кечээ, 4-декабрда “Манас” эпосунун күнү белгиленди,-деп билдирет КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чара Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, министр Султан Жумагулов маданиятка салган зор эмгеги үчүн манасчыларга “Маданияттын мыкты кызматкери” деген наамдарды ыйгарды.

“Маданий иш-чара кызыктуу программа менен уланып, анда таланттуулар Манас атабызды даңктап өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатышты. Иш-чарага андан сырткары Жогорку Кеңештен, өкмөт башчы Сапар Исаковдун атынан, КР Президентинин Аппаратынан атайын өкүлдөр келишти”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий