• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Манас күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтөт

Маданият 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Бишкекте 4-декабрь – Манас күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Быйыл бул күнгө карата “Манас” театры жана министрликтин колдоосу менен манасчы Токтогул Калманбет уулунун 170, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150, манасчы Көкчеке - Мамбетаалы Ашымбай уулунун 125, манасчы Турдумамбет Акматалиевдин 100, эмгек сиңирген артист, семетейчи Сейдене Молдокееванын 100, Кыргыз эл артисти, манасчы Шаабай Азизовдун 95 жылдыгына карата иш-чаралары уюштурулат.

Программа:

- 2-декабрда саат 14:00дө эмгек сиңирген артист Рысбай Исаковдун дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн Улуттук тарых музейинде расмий тапшыруу аземи өтөт;
- 3-декабрда саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында манасчы Салимбай Турсунбаевдин “Чоң казат” жана замандаштарынын эскермелери менен манасчынын соңку жылдарда жазган ырлары камтылган “Санаты сансыз - Салимбай” аттуу китептеринин бет ачары өтөт;
- 4-декабрь күнү саат 15:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында “Айкөлдүн аманаты” спектаклинин премьерасы коюлат.

Ошондой эле “Манас күнүнө” карата сүрөт көргөзмө, тегерек стол жана башка иш-чаралар республикалык, облустук жана райондук музейлерде, китепканаларда 2022-жылдын аягына чейин өткөрүлөт.

Мындан тышкары, “Манас күнүнө” арналган тематикалык фильмдер республиканын бардык театрларында жыл аягына чейин көрсөтүү милдеттендирилет.

Пикир

Оставить комментарий