• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте манас таануучу Зияш Бектеновдун 110 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында көрүнүктүү тилчи-илимпоз, манас таануучу, педагог, котормочу жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Зияш Бектеновдун 110 жылдыгы белгиленди.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана бир катар маданият өкүлдөрү катышты.

Зияш Бектенов 1911-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында медицина кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Атасы Бектен падышалык Орусияда үч жыл старшина болуп иштеген, өз мезгилинин билимдүү, сергек жана боорукер инсаны катары калк арасында медициналык жардам көрсөтүүнү колго алып, дени сак жашоого үгүттөгөн.

Зыяш Бектеновдун өмүрү жана чыгармачылык айдыңы абдан татаал, кала берсе аянычтуу болгон. Ата-энеден эрте ажырап, агасынын колунда тарбияланат.

З. Бектенов 1925-жылы Кең-Суу айлындагы башталгыч мектепти ийгиликтүү аяктап, Пишпекке келип, Борбордук Кыргыз педагогикалык техникумунан билим алууну улантат. Айтылган техникумду 1930-жылы аяктайт.

Ушул тушта Автономиялуу түзүлүштөгү кыргыз журтчулугунда сабатсыздыкты жоюу мамлекеттик деңгээлдеги күчтүү маселеге айланып, жигердүү жаштар менен ишти колго алууга көмөктөшүп, мектепте мугалим жана мугалимдерди кайра даярдоо курстарында кыргыз тилинен дарс окуйт.

Пикир

Оставить комментарий