• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте манасчы Сапарбек Касмамбетовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.01.20 /Кабар/. Бишкектеги Кыргыз улуттук опера жана балет театрында улуу манасчылардын жолун жолдогон залкар манасчы, төкмө акын Сапарбек Касмамбетовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Белгилей кетсек, Сапарбек Касмамбетов 2020-жылдын 19-январында, 86 жаш курагында дүйнө салды.

Акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүндө мамлекет башчысынын көңүл айтуу сөздөрүн президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берди.

Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Пикир

Оставить комментарий