• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте манасчы Жусуп Мамайдын бюсту орнотулду

Маданият 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдында Кыргыз Эл баатыры, манасчы Жусуп Мамайдын бюсту ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Салтанаттуу аземге ЖК депутаттары, вице-премьер-министр А. Өмүрбекова, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Кытайдын КРдагы элчиси жана коомдук жана маданий ишмерлер, манасчылар, Жусуп Мамайдын небере-чөбөрөлөрү жана шаар тургундары катышкан.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстандын Эл артисти, биринчи даражадагы «Манас» орденинин ээси Жусуп Мамай Кытайдын азыркы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылынын Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылы 4-майда (башка жаңы маалымат боюнча 1916-жылы) туулган. Жусап Мамай Кыргызстанга бир нече ирет келген.

Жусуп Мамай айткан "Манастын" варианты Кытайда араб ариби менен басмадан чыккан.

Мындан сырткары Жусуп Мамайдын варианты боюнча «Курманбек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар да кагазга түшүрүлүп, жарыкка чыккан. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпосунун толук варианты бир китеп болуп кириллица арибинде Кытайдан чыккан.

Эске салсак, бюсттун автору – Кыргыз эл баатыры, айкелчи, сүрөтчү Тургунбай Садыков.

Тургунбай Садыков – Улуттук филармониянын алдындагы манасчылардын айкелинин, «Ала-Тоо» кинотеатрынын каптал жагындагы «Революциянын каармандары» жана С. Ибрагимов көчөсүндөгү 1941-45 жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына арналып тургузулган комплекстин, ошондой эле «Ала-Тоо» аянтындагы Эркиндик айкелинин автору.

Пикир

Оставить комментарий