• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте “Манастаануу” окуу китеби 4 тилде басылып чыкты

Коом 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун буюртмасы боюнча филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиевдин “Манастаануу” окуу китеби чыгарылды. Бул тууралуу фонддун президенти Нусрет Мамедов билдирди.

“Манастаануу” курсуна болгон чоң кызыгуу эске алынып аталган окуу китеби “Манас” эпосу жана ага байланыштуу баалуулуктар боюнча кошумча маалыматтарды алуу үчүн жардам көрсөтөт.

Окуу китеби КРнын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын негизинде даярдалып, анда “Манастаануу” курсунун окуу программасынын бөлүмдөрү жана негизги пункттары эске алынган. Ал англис, орус, түрк жана кыргыз тилдеринде басылып чыгарылды.

Басылма түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун колдоосу менен чыгарылган.

Окуу китебинин рецензиячылары филология илимдеринин доктору, профессор К.Мамбеталиев, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А.Бейшеналиев, филология илимдеринин кандидаты, доцент К.Жузупбекова.

Китеп КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жогорку окуу жайлардын филологиялык эмес адистиктеринде окуган студенттерине окуу китеби катары чыгарылган. Ал ар бир тилде 500 экземплярдан басылып чыкты, КРнын ЖОЖдорунун филологиялык факультеттерине бекер таратылат.

Пикир

Оставить комментарий