• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Мария Пинигинанын сыйлыгына арналган жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренасында 25-26-сентябрь күндөрү Мария Пинигинанын сыйлыгына арналган 15 жашка чейинкилер арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдешке жалпы 125 спортчу катышты.

Мелдештин биринчи күнүндө ачылыш аземи өтүп, ага Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, Олимпиада чемпиону Мария Пинигинанын эжеси Алима Жумабаева, Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков, Биринчи май районуна караштуу Олимпиадалык резервдеги адестештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору Бокоев Бактияр, калыстар, машыктыруучулар жана мелдештин күйөрмандары катышты.

Пикир

Оставить комментарий