• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте маркумду эскерүү үрп-адаттарынын тартибин иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын акимчиликтеринде КР президентинин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин акимиатынын жетекчилиги Жер-Ынтымагы жаңы конушунун тургундары менен жолугуп, аларды жарлык менен тааныштырып, үй-бүлөлүк майрамдарды, эскерүү жөрөлгөсүн жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ашыкча чыгымдарга жол бербөөгө чакырышты. Ошондой эле жарандар техникалык паспорт менен каттоого турган мобилдик топ бар экенин эскертишти. Коопсуздукту жана тартипти сактоо үчүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү дайындалды.

Свердлов райондук администрациясында диний уюмдардын өкүлү менен жолугушуу болуп өттү.

Ал эми Октябрь районунун акими Азамат Дороев бул маселе боюнча мектеп жана бала бакчалардын директорлору менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Мындан тышкары, МАБдардын жетекчилери өздөрүнүн карамагындагы аймактарда имамдар менен биргеликте үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн өткөрүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий