• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте маршруткалардын айдоочулары иш ташташты

Коом 0

Бишкек, 02.04.2018 /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Бүгүн, 2-апрелде маршруттук такси айдоочулары милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисинин жоктугуна байланыштуу салынган айып үчүн иш ташташты. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда марштуркалардын каттамга чыгуусу боюнча маселе чечилүүдө.

Бул суроо боюнча Бишкек шаарынын транспорт маселеси боюнча вице-мэри Генадий Милицкий иш алып барууда.

“Айдоочулар киргизилген айыпка байланыштуу жумушка чыгышкан жок. Учурда жетекчилик маселени чечип жатат. Бир күндүн ичинде чечилип калышы ыктымал”,-деп билдирди мэриянын кызматкери Сезим Жаныбек кызы.

Бүгүн маршруткалардын айдоочулары милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисинин жоктугуна байланыштуу киргизилген айып үчүн иш ташташкан. Аталган мыйзам 2008-жылы кабыл алынган, бирок камсыздандыруу полисинин жоктугуна байланыштуу киргизилген айып пул боюнча чечим 2018-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирген.

Айдоочулардын иш таштагандыгынан аялдамада элдердин саны көбөйүүдө.

Пикир

Оставить комментарий