• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте маршруткалардын айдоочулары митингге чыкпайт

Коом 0

Бишкек, 11.01.19 /Кабар/. Бишкекте маршруткалардын айдоочулары митингге чыкпайт. Бул тууралуу "АльянсБус" жүргүнчүлөрдү ташуучулардын ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди билдирди.

Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясы жүргүнчү ташуучу маршруттук транспортторду иштеткен жеке компаниялар менен жолугушуу уюштурду. Анда билет системасын киргизүү, тарифтерди көтөрүү маселелери талкууланды.

Григорий Николаиди айдоочулар митингге чыкпай турганын билдирип, мындай ушактарды социалдык тармактарда ким таратып жатканын да билбей турганын кошумчалады.

Жолугушуу учурунда жүргүнчүлөрдү ташуу, бул тармакты тартипке келтирүү, айдоочулар тарабынан жол эрежелерин сактоо маселелери да каралды.

Вице-мэр Максим Ситников жол кире тарифин көтөрүү бир сааттын ичинде чечилбей турган маселе экенине көңүл буруп, буга тийиштүү процедураларды сактоо керек экенине токтолду.

Ситниковдун пикири боюнча, бул маселе Бишкек шаардык кеңештин комиссиясы тарабынан каралып, коомчулукка тийгизген таасирин анализ кылып, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги дагы өз оюн айтышы керек.

Пикир

Оставить комментарий