• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте маршруткалардын саны дээрлик 3 эсеге кыскарды

Коом 0

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. Акыркы бир нече жылда Бишкекте маршруткалардын саны дээрлик 3 эсеге кыскарды. Бул тууралуу бүгүн тегерек столдо Транспорт жана жол-транспорт инфраструктура өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу билдирди.

Анын айтымында, 2014-2015-жылдары шаардыктарды 5 миңге жакын кичи автобус тейлечү. Бул жылдары жол кире акысы 8 сомдон 10 сомго көтөрүлгөн.

“Ал убакта дизель отунунун баасы 41 сомду түзгөн. Унаа тетиктери сыяктуу эле күйүүчү майдын баасы жыл санап кымбаттап жатат. Буга байланыштуу кичи автобустардын саны бир нече эсеге кыскарды” , - деп түшүндүрдү Нурбек Сагынбек уулу.

Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө эртең менен күн сайын 1,3 миң кичи автобус каттамга чыкса, саат 14:00гө карата алардын саны 1,7 миңге чукулдайт.

Пикир

Оставить комментарий