• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте маршрутканын айдоочусу балалуу аялды салондон кууп чыккан – окуянын видеосу

Коом 0


Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Бишкекте №185 маршрутканын айдоочусу балалуу аялды коляскасы менен киргендиги үчүн маршруткадан кууп чыккан. Бул тууралуу окуяга күбө болгон адамдар билдирген.

Ал адамдар билдиргендей, коляска жыйналуу абалда болгон жана эч кимге тоскоолдук жараткан эмес. Айдоочу коляска көп орунду ээлеп жатат, ал үчүн кардарлар батпайт калды деп нааразы болгон. Жыйынтыгында ал аял маршруткадан түшүрүлгөн.

“Кабар” агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, азыркы убакта териштирүү жүрүүдө. Толук маалымат кийинчерээк берилет.

Пикир

Оставить комментарий