• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы болуп, 3 киши жабыркады – видео

Коом 0


Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Кечээ, 4-ноябрь күнү болжол менен саат 21:40та Жаш Гвардия бульвары көчөсүндө №124 каттамдагы кичи автобус менен “Мерседес” унаасы кагылышкан.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгынан кичи автобустагы 3 жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Окуя жеринде тартылган видеодон көрүнгөндөй, жол кырсыгына учураган кичи автобус оодарылып калган.

Пикир

Оставить комментарий