• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы катталып, үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бишкектеги Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 10:40та жүргүнчүлөрдү ташыган №220 маршруткасы менен «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунаа кагышкан.

Милициянын кайгуул кызматынан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, кырсыктан жеңил унаанын үч жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери жүргүзүлүүдө, тиешелүү экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий