• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте маршруттук унаа айдоочулары каттамга чыгышты

Коом 0

Бишкек, 04.04.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте бүгүн бардык маршруттук унаа айдоочулары каттамга чыгышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдирди.

Аны айтымында, 100% маршрут айдоочулары каттамга чыгышкан, бул деген 2,5 миң адам. Айдоочулар тарабынан көтөрүлгөн талаптар юридикалык мүнөзгө ээ эмес, бирок ар бир маселе каралат.

Бирдиктүү форма боюнча Атыканов билдиргендей, бул бардыгы тарабынан көтөрүлгөн демилге болгон, эч ким айдоочуларды мажбурлаган эмес. Баасы 500дөн 750 сомго чейин болгон. Ар бир жүргүнчү ташуучу кайсы баадагыны сатып алууну өзү чечет.

Өз кезегинде “Кабар” агенттигине айдоочулардын өкүлдөрүнүн бири билдиргендей, эки күндүк иш таштоодон эч кандай жыйынтык болгон эмес. Бардыгы мурдагыдай бойдон калган, бирок ал күндөрү айрымдары номерсиз жүрүп, “шабашка” кылууга үлгүрүшкөн.

Ал ошондой эле милдеттүү түрдө камсыздандыруу полси боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин алар чыр чыгарып чыкпай эле койгондору туура болмоктугун кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2-апрелде камсыздандыруу полисинин жоктугуна салынуучу айыптын киргизилишине байланыштуу Бишкектеги кичи автобустардын айдоочулары иш ташташкан. Ошондой эле мунайзат продукциясын ташуучулар дагы камсыздандыруу полисинин жоктугу үчүн айыптын киргизилишинен улам нааразычылык билдирип чыгышкан.

Өз кезегинде КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул жума бою ЖКККББ кызматкерлери кичи автобустардын, таксилердин айдоочуларын, ошондой эле кооптуу жүк ташуучулардын камсыздандыруу полисин текшерип, ал жок болгон шартта түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Пикир

Оставить комментарий