• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте маршрутун жарым-жартылай өзгөрткөн №9 автобус ишин жандантты

Коом 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Шаардык транспорт башкармалыгы маршрутун жарым-жартылай өзгөртүү менен №9 автобустун ишин жандандырды.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, эми каттам "Тынчтык" конушу - Дордой базары - Дэн Сяопин - Чүй - Тоголок Молдо - Саадаев - Киргизская көчөлөрү багытында каттайт.

“Биринчи этапта линияда он бирдик автобус иштейт, бара-бара алардын саны 16 бирдикке көбөйтүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев жакында Биринчи май районунун тургундары менен жолуккан.

Жолугушуу учурунда тургундар "Тынчтык" конушуна коомдук транспорттун чыгуу маселесин көтөрүшүп, борбор калаанын мэри тиешелүү кызматтарга бул маселени тез арада чечүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий