• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте март айынын аягында велосезондун ачылышы болот

Коом 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Бишкекте 2020-жылы велосезондун ачылышы 29-март күнү болот. Бул тууралуу Велоспорт федерациясынан билдиришти.

Катышуучулар 29-март күнү саат 10:30да шаардын түштүк тарабындагы Жеңиш паркындагы эстеликтин жанында чогулушат.

Бул спорттук иш-чарага баардык каалоочулар катыша алышат. Жашы жете элек балдарга чоң кишилердин коштоосунда гана катышууга уруксат берилет.

10:30 – Катышуучулардын чогулушу;

11:00 – Жолго чыгуу;

12:00 – Финиш (Боз-Бөлтөк бөксө тоосу);

12:30-15:30 – Таза абада тамактануу, көңүл ачуучу иш-чара.

Пикир

Оставить комментарий