• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мас абалында милиция кызматкерин тээп жиберген кыз 4 жылга шарттуу кесилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Бишкекте мас абалында милиция кызматкерин тээп жиберген кыз 4 жылга шарттуу кесилди. Мындай чечим Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан кабыл алынган.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 20-мартында болжол менен саат 15:00дө Кара-Балта шаарынын тургуну Н.Эсенбаева мас абалында Бишкек шаарынын “Улан-2” кичирайонунда коомдук тартипти бузган.

Ошол күнү ал дос кыздары менен олтуруп спирт ичимдигин ичкен. Кыз менен бейтааныш кишинин ортосунда чыр чыгып, жыйынтыгында ал кыз турак жайлардын биринин алдыңкы кабатынын терезесин сындырган. Жерине келген милиция кызматкери ызы чуу салган кызды сүрөткө тартып баштаганда, Эсенбаева аны бир тээп жиберген жана телефонун сындырган.

Эсенбаева өз күнөөсүн моюнуна алган жана өкүнгөндүгүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий