• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте мас абалында унаа башкарган Түркиянын КРдагы элчилигинин Атташеси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Бишкекте мас абалында унаа башкарып бара жаткан Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Атташеси кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган факт боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Каража Эркан аттуу айдоочунун атына протокол түзүшкөн. Автоунаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилген.

11-сентябрдан 12сине караган түнү КТРКнын “Телекүзөт” программасынын журналисттери рейдге чыгышып, айдоочу Каража Эркан жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан токтотулганын тартып алышкан. Кызматкерлер менен сүйлөшүү учурунда Каража Эркан Түркиянын КРдагы элчилигинин кызматкери экендигин айтып, дипломатиялык паспортун көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий