• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте мас агасын багажга салып айдаган айдоочуга айып салынды – видео

Коом 0


Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Бишкекте мас абалдагы агасын унаанын багажына салып алып келген айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда айдоочу адамды унаанын багажына салып айдап бараткан видео тараган.

Кайгуул кызматкерлери аталган унаанын Ош базарынын айланасынан табышкан.

"Тактоо учурунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2001-жылы туулган К.А. унаанын багажындагы жаран тууганы экенин жана мас абалда болгондугун, унаага батпай, өзүнүн макулдугу менен багажга түшкөнүн айткан. Видеодо алар Ала-Арча эс алуучу жайынан шаарга келе жатышкан", - деп айтылат маалыматта

Белгиленгендей, бул көрүнүш мыйзамга туура келбегендиктен кайгуул кызматкерлери тарабынан айдоочуга карата авто ээнбаштык жана айдоо учурунда айдоочулук күбөлүгү жок болгондугу үчүн эки протокол толтурулуп, 8,5 миң сом айып салуу менен унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий