• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте мас айдоочу күзөтчүлөрдүн күркөсүн сүзүп, күзөтчү менен мушташты – видео

Коом 0


Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Бишкекте мас айдоочу күзөтчүлөрдүн күркөсүн сүзүп, күзөтчү менен мушташ чыгарган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланган.

Окуя Тоголок Молдо көчөсүндө (Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда) болгон.

Видеодо көрүнгөндөй Toyota Land Cruiser унаасынын айдоочусу турак үйлөрдүн алдында турган күзөтчүлөрдүн күркөсүн эки ирет сүзүп, андан кийин унаасынын түшүп күзөтчүгө асылып, мушташты баштаган.

Андан соң айдоочу унаасына отуруп, кетип калган.

Видео "Короче" телеграм каналынан алынды

Пикир

Оставить комментарий