• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте машина уурдоого шектелип жаш бала кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16- февраль /Кабар/. Бишкекте машина уурдоого шектелип жаш бала кармалды деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 3-февралында Свердлов РИИБсына 43 жаштагы “А.Н.” аттуу башкаланын тургуну Ибраимов көчөсүндө үйдүн жанына токтотулган «Фольксваген Пассат» автомобилин белгисиз бирөө уурдап кеткенин айтып кайрылган.

“Кылмышкерди изин сутпай кармоого мүмкүн болбоду. Бирок, КР ИИМ КИББнын кызматкерлеринин күчү менен кылмышкердин аты-жөнү аныкталды. Ал Бишкектик 17 жаштагы “К.Ж.” аттуу жаш бала болуп чыкты”,-дешти ИИМдан.

Учурда ал жашы жете элек болгондуктан мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосунда Свердлов РИИБсынын тергөө бөлүмүнө алынып келинди. Тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий