• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте машыгуунун алкагында 2-октябрда шаар боюнча сиренанын үнү жаңырат

Коом 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Бишкекте машыгуунун алкагында 2-октябрда саат 11:00дө калкты кабарлоо системасы текшерилет. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ӨКМдин Бишкек шаары боюнча Жарандык коргонуу бөлүмүнүн жетекчиси Майрамбек Жунусов билдирди.

Анын айтымында, 5-октябрь Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү деп белгиленген.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругуна ылайык, ушул жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин өлкөнүн бардык аймактарында "Кырсык тобокелдигин азайтуу күнүнүн" алкагында бир айлык өтүп жатат. Бир айлыктын жүрүшүндө Бишкек шаарынын тургундарын өзгөчө кырдаалда эмне кылуу керектиги тууралуу маалымдоо жана андай учурда өзүн-өзү куткаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

"Машыгуунун негизинде 2-октябрда саат 11:00дө Бишкек шаарында орун алган калкты кабарлоо системасынын абалы текшерилет. Мындан улам, шаар тургундарын түшүнүү менен мамиле кылышына чакырабыз. Сиренанын үнүн укканда эч кандай кооптуу аракеттерди жасабаңыздар", - дейт Жунусов.

Жунусов белгилегендей, иш-чаранын максаты шаар тургундарын өзгөчө кырдаалда эмне кылуу керектигине үйрөтүү.

Пикир

Оставить комментарий