• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Массалык башаламандыкка даярдангандарды кармоо иштери жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 23.10.22. /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги массалык баш аламандыкка даярдануу фактысы боюнча кармоо иштерин жүргүзүүдө.

Ведомстводон билдиргендей, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси "Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу" менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

"Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган.

Кылмыш иши боюнча шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий