• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте массалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн "Кайнар" ресторанына айыппул салынды

Коом 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарында спорттук, майрамдык, мааракелик жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат бериле элек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Кузнецова тилекке каршы, коронавирустун коркунучун бардык эле жетекчилер түшүнө бербестигин айтат.

"Санэпидкөзөмөл борборунун өкүлдөрү тарабынан "Кайнар" ресторанына массалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн айыппул салынган", - дейт ал.

Вице-мэр коронавирус илдетине шектенген учурда 118 ыкчам номерине, санитардык нормалар жана эрежелер сакталбаган учурда Бишкек шаарынын мэриясынын күнү-түнү иштеген 1840, 1850 колл-борборуна кайрылса болорун эскертип кетти.

Белгилей кетсек, 12-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2166 учур катталды. Алардын ичинен 425и медицина кызматкери. Илдеттен 1668 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий