• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте массалык түрдө спорт менен машыгууга тыюу салынган – Суракматов

Коом 0

Бишкек, 11.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаарында массалык түрдө спорт менен машыгууга тыюу салынган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Маалымат жыйында Азиз Суракматовго "Учурда футбол боюнча машыгууларды өткөрүүгө болобу?" деген суроо берилди.

"Бүгүнкү күнү спорттук иш-чара жана спорттук ийримдерге тыюу салынган. Анткени, футболдо спортчулар бири-бирине жакын ойношот. Ошондой эле 20дан ашык киши катышкандыктан коронавирустун жугуу коркунучу жогору", - деди шаар мэри.

Бүгүн, 11-май күнү өлкөнүн айрым аймактарында киргизилген өзгөчө абал тартиби аяктады. Бирок Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилди.

Өлкө аймагында 22-мартта киргизилген өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий