• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте массалык түрдө уулангандардын саны 150ге жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 02.04.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бүгүнкү күндө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына “Ала-Тоо” ресторанындагы тойдон соң уулануу белгилери менен кайрылгандардын саны 139 адамга жеткен. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин (ССМ) басма сөз кызматы билдирет.

Учурда алардын 89у ооруканага жаткырылды, алардын ичинен 19 – балдар. Дарыгерлерге амбулатордук жардам сурап 50 адам кайрылса, аларды 10ну балдар. Ошондой эле ведомствонун маалыматы боюнча, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы аймактык ооруканага ошол эле тойго келген 12 адам жардам сурап кайрылган. 1-апрелге карата 10 адам ооруканага жаткырылган, бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

“Учурда ооруканада 10 адам жатат. Алардын баарынын баштары ооруп, тегеренип жана көңүлдөрү айланган. Айрымдарынын кан басымы жогорулагандыгы байкалган”,-деп билдирди ССМнин басма сөз кызматынан.

“Ала-Тоо” ресторанында Мамсанэпидемкөзөмөл Борбору тарабынан тамак калдыктарынан анализ чогултуп, пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы жана массалык уулануунун себеби үч күндүн ичинде маалым болот. Алдын ала маалыматка караганда, коноктор тоок этине ууланышкан.

Пикир

Оставить комментарий