• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте "МBD" аталыштагы бий чемпионаты өтөт. Иш-чарага АКШдан келген бийчилер катышат

Маданият 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Бишкекте Movement Dance Battle VOL.2 аталыштагы бий чемпионаты өтөт. Катышуучулардын катарында Америка кошмо штатынын бийчилери да бар. Бул туурасында аталган академиядан билдиришти.

Бишкектен катышып жаткан бийчилер калыстарга чакырылган коноктордон бий боюнча мастер-класс алуу менен бирге дүйнөлүк деңгээлдеги бийчилер менен тааныша алышат. Ошондой эле, баалуу белектерди да утуу мүмкүнчүлүгү бар.

Иш-чара 27-28-июнда өтүп, Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин колдоосу менен уюштурулат.

МBD – бул Франция, Швейцария жана Россиядагы атагы чыккан бийчилерден бий өнөрүн өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү.

Пикир

Оставить комментарий