• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мечитке кирип телефон жана акча уурдаган киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.03.18. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери мечитке уурулукка кирген 27-жаштагы эркек кишини кармашкан. Ага карата “Уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен ал СИЗО-1 киргизилген.

Милиция кызматкерлери аныкташкандай, шектүүнүн 8 уурулук фактысына тиешеси бар.

Кылмышка шектүү адамды азыр түшкөндөн кийин колго түшүрүшкөн. Ал 23-февралда болжол менен саат 11:30дан 12:00гө чейин мечитке кирип, чөнтөктөн “Айфон С4” жана акча уурдап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий