• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мечиттен өрт чыгып, жалын жанындагы контейнерлерди каптаган

Кырсык 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан "Дордой Мурас" базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыккан.

ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жалын мечиттин жанында жайгашкан 4 контейнерди каптаган.

Тилсиз жоо түнкү саат 02:00дөргө жакын катталып, аны өчүрүүгө жалпы үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт өчүрүүчүлөр түнкү саат 04:03тө өрттү толугу менен өчүрүшкөн.

Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 230 чарчы метр мечиттин 1 бөлмөсү, кароолчу отурган бөлмө жана мечитке жанаша жайгашкан 4 контейнер толугу менен күйгөн.

Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий