• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги мечиттерде санитардык эрежелердин сакталышы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук администрациясы диний мекемелерде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө 11 мечитте укук белгилөөчү документтердин болушу, санитардык-гигиеналык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы каралды. Ошондой эле экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн алдын алуу маселелери тууралуу сөз болду.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбору тарабынан 4 жазуу түрүндө эскертүү берилип, 5000 сом өлчөмүндө айып салуу менен 3 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май районунун аймагында 55 диний уюм жана конфессия катталган, анын ичинен 11 мечит, 22 намазкана, 2 медресе, 2 Иегова жамааты, 18 диний объект бар.

Пикир

Оставить комментарий