• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте медиа материалдар сынагында жеңүүчү болгон журналисттер сыйланды

Коом 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Бишкекте медиа материалдарды түзүү боюнча сынакта 7 кыргыз журналисти жеңишке жетишип, баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка басма сөз, телекөрсөтүү, радио жана маалымат агенттиктеринин кызматкерлери катышты. Сынак эки багытта өттү: МФУнун туруктуу өнүгүүсү үчүн каржылоого жетүү жана инвестиция тартуу. Кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланган жана сынактык комиссияга берилген материалдар кабыл алынды.

Иш-чаранын негизги максаты - МФУнун туруктуу өнүгүүсү үчүн каржылоого жетүү чөйрөсүндөгү маселелер боюнча жарандардын маалымдуулугун жогорулатууга жардам берүү, ошондой эле журналисттердин чыгармачылык активдүүлүгүн көтөрүү жана маалыматтык материалдардын сапатын жакшыртуу.

Сынак КРнын Экономика министрлиги тарабынан БУУӨПнын Россия Федерациясы тарабынан каржыланган «КМШ аймагында туруктуу өнүгүүнү каржылоо үчүн потенциалды күчөтүү» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

«Биздин калкты түйшөлткөн маанилүү экономикалык темаларды, анын ичинде экономиканы өнүктүрүү, инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү маселелерин чагылдырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын олуттуу оң ролун белгилегим келет. Экономикалык темада жазган журналисттердин мындай татаал теманы терең түшүнүүсү жана көрүүчүлөргө, угармандарга жана окурмандарга өлкөнүн экономикалык палитрасынын кеңири, маалыматтуу жана кызыктуу түрдө жеткире алышы биз үчүн абдан маанилүү», - деди КР инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов.

Конкурстук комиссиянын курамына Экономика министрлигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү жана медиа/ишкердик/экономика жана финансы секторунун чакырылган мүчөлөрү кирди.

"Материалдарды баалоодо калыстар тобу абдан жакшы иш кылышты жана анын жыйынтыгы боюнча конкурстун жүрүшүндө гана эмес, туруктуу системалуу негизде каржылоого жана инвестицияга көңүл бурган ММК өкүлдөрү аныкталды. БУУӨПнын долбоору сынакка уюштуруучулук жана финансылык колдоо көрсөттү. Биз финансылык чөйрө жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана ошону менен калктын финансылык сабаттуулугун жакшыртуу - мамлекеттин гана эмес, жалпы коомдун артыкчылыктуу милдети деп эсептейбиз ",- деди БУУӨПнын туруктуу өкүлүнүн программалык кеңешчиси Эркинбек Касыбеков.

Комиссия сынакка берилген эмгектерге баа берип, 7 лауреатты белгиледи. Ар бир тема боюнча эки багытта 1, 2 жана 3 -орунду алган журналисттер бааланды. Баалуу сыйлыктар катары планшет, букридер жана смартфон ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий