• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 26-мартында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери медицина кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйдүн курулушун баштоо аземине катышты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, үй Байтик Баатыр (мурдагы Совет көчөсү) жана Сүйөркулов (мурдагы Донецк көчөсү) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, объектти пайдаланууга берүү болжол менен 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылган. Буга чейин салынган 8 кабаттуу имараттын каркасын 12-кабатка чейин көтөрүү пландалууда.

Министр курулуш иштери башталганын жана курулуш иштери аяктаганга чейин медицина кызматкерлерине турак жай алуу тартибин министрлик аныктай турганын белгиледи.

«Биз тарыхый учурдун күбөлөрүбүз, бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн үйлөр курула элек болчу. Биринчи этапта бир үйдүн курулушун бүтүрүү пландалууда. Каржы булактары аныкталган соң, кийинки этапта дагы бир үй куруу пландалууда», - деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий