• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июлда Бишкектеги И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленүүчү КР Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган республиканын медицина коомчулугунун салтанаттуу жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага катышкан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, COVID-19 пандемиясына байланыштуу өлкөнүн медицинасы кандай кыйынчылыктарга дуушар болгонун эске салды. Ал карантин учурунда медицина кызматкерлеринин зор эмгегин белгиледи.

“Пандемия учурунда сиздер көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калдыңыздар. Күнү-түнү дебей, ден соолугуңуздарды аябастан иштедиңиздер. Биз сиздер менен сыймыктанабыз. Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм”, - деди Касмамбетов.

Өз кезегинде, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков да медицина кызматкерлеринин медицинанын өнүгүшүнө кошкон зор салымын жана элдин жыргалчылыгы үчүн жан аябаган эмгегин белгиледи.

“Жакын арада медциналык кызматкерлердин ассоциациясын түзөбүз жана дүйнөлүк медицинага өзүбүздүн зор саламыбызды кошобуз деп терең ишенем”, - деди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишинде өзгөчөлөнгөн медцина кызматкерлери саламаттык сактоонун мыктысы медалдары жана ардак грамоталар менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий