• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Бишкекте медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын акимиаттары медицина кызматкерлерин жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленүүчү кесиптик майрамы менен куттукташты.

"Коронавирус пандемиясынын шартында бүгүнкү майрам өзгөчө мааниге ээ. Анткени, Ковид-19 вирусуна каршы күрөштүн негизги түйшүгү дарыгерлер менен медайымдардын мойнуна жүктөлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Аким Максат Нусувалиев Биринчи май районунун дарыгерлерин куттуктап, муниципалдык администрациянын Ардак грамоталары менен сыйлады.

Ошондой эле, Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов саламаттыкты сактоо кызматкерлерин майрамы менен куттуктады. Иш-чаранын жүрүшүндө саламаттык сактоо жаатындагы милдеттерин аткарууда өзгөчөлөнгөн медицина кызматкерлери Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Октябрь району тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чарага 17 саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Аким Данияр Арпачиев бардыгын куттуктап, 51 дарыгерге райондук администрациянын Ардак грамотасы жана баалуу белектери тапшырылды.

Свердлов районунун башчысы Бахтияр Карамшаков дагы өз аймагынын медицина кызматкерлерин чын жүрөктөн куттуктады.25 медицина кызматкери ак ниет жана жан аябастык менен иштегендиги, жооптуулугу жана кесипкөйлүгү үчүн сыйланды.

"Урматтуу саламаттыкты сактоо кызматкерлери! Ак ниет жана үзүрлүү эмгегиңиздер, жогорку кесипкөйлүгүңуздөр үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана кыйын жана асыл ишиңизде ийгиликтерди каалайбыз!", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий