• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте медицина маскасын кийген эки кыз дүкөнгө уурулукка киришкен, бирөө кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. Бишкекте эки кыз медициналык маска кийип, дүкөнгө уурулукка киришкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга бир жаран арыз менен кайрылып, анда 27-сентябрда болжол менен саат 14:30 чамасында эки белгисиз кыз медициналык маска кийип, дүкөнгө кирип, кыздардын бирөө сатуучуну муунтууга аракет кылгандыгы жазылган. Билдирүүгө ылайык, ошол учурда экинчи кыз кассадагы 6 миң сомду алып, белгисиз жакка кетип калган.

Басма сөз кызматынан билдиришкендей, иликтөөнүн жыйынтыгында окуяга шектүү катары 20 жаштагы М.к.С кармалган. Экинчи кызды издөө боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.

Аталган факты боюнча Свердлов райондук ИИБнин иликтөө бөлүмү тарабынан кылмыш жаза кодексинин 169 (уурулук) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган кыз иликтөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, териштирүү амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий