• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте медкызматкерлерди транспорт менен камсыз кылууга 350 унаа тартылды - Мамбетов

COVID - 19 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарында медициналык кызматкерлерди транспорт менен камсыз кылууга 350 унаа тартылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү ведомстволор менен биргеликте медициналык кызматкерлерди ташуу үчүн 350 транспорт каражатын уюштурду.

Белгилүү болгондой, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун, Улуттук госпиталдын, Улуттук онкология жана гематология борборунун, Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун, Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтунун, Улуттук фтизиатрия борборунун, Улуттук хирургиялык борборунун, Карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча республикалык борбордун, Республикалык кан борборунун, Бишкек шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жана Тез медициналык жардам борборунун медиктерин ташуу үчүн транспорт каражаттары уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий