• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте медресе мугалимдерине инновациялык багытта окутуунун методдору үйрөтүлүүдө (фото)

Коом 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Бишкекте медресе мугалимдерине инновациялык багытта окутуунун методдору үйрөтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Кесиптик билим берүү" долбоорунун алкагында "Медресе мугалимдеринин билим деңгээлин жогорулатуу" программасы боюнча Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынан 20 мугалим жана Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облусунан 20 медресе мугалими өздөрүнүн тажрыйбаларын интерактивдик жол аркылуу жогорулатууда

Демилге муфтият тарабынан көтөрүлүп, АВЕП коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Эки күндүк семинардын алкагында медресе мугалимдери окутуунун жаңы усулдарын үйрөнүшүп, студенттерге сапаттуу билим берүү жана алар менен иштөө, заманбап метод аркылуу сабактын кызыктуулугун арттыруу, ар бир студент менен жекече иш алып баруу, диний окуу жайдын билим берүү сапатын техникалык жабдуулар менен толуктоо боюнча өз тажрыйбаларын жогорулатышууда.

Ошондой эле диний окуу жайлардын мугалимдери өздөрүнүн буга чейинки тажрыйбаларын кагаз бетине түшүрүшүп, бири бири менен дайыма байланышта болуп, окуучулар үчүн ар кандай билим берүү жаатындагы сынактарды өткөрүп турууну сунушташууда.

"Бүгүнкү күндө инновациялык багытта билим берүүнүн жаңы системасы жанданууда, – деди муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов. – Заман өзгөрүп, ага жараша акыркы үлгүдөгү билим берүүнүн жаңы жолдору пайда болуп жатат. Учурда окуу планы, программасы, анын мазмуну, окутуунун методдору, формалары, колдонулган окуу каражаттары жана анын натыйжалуулугун кайра карап чыгуу зарылдыктары келип чыгууда. Ошондуктан биз диний окуу жайларыбыздын мүдүрлөрүн, мугалимдерин жылына 2-3 ирээт окутуп, аларга билим берүүнүн жаңы усулдарын үйрөтүүдөбүз".

Пикир

Оставить комментарий