• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте мектеп алдындагы лагерлер ишин улантууда

Коом 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бишкекте мектеп алдындагы лагерлер ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук билим берүү борборунун директору Таалайгүл Темирканова мектеп алдындагы лагерлердин иши менен таанышты.

Мериядан белгилешкендей, Ленин районунда лагерлер №25, №40, №42, №57, №72, №93, №84, №96 мектептеринин базасында уюштурулган жана 8-июлга чейин иш барып барат.

Бардык мектептерде эс алуу бөлмөлөрү, спорт залдар жана спорт аянтчалар бар. Балдар ар кандай кол өнөрчүлүк ийримдерге, ой-жүгүртүү оюндарына, спорттук оюндарга, чыгармачылык иштерге катыша алышат.

Ар бир отрядда медициналык аптечка жана медициналык кызматкерлер балдардын ден соолугун, тамак ашын көзөмөлдөп, жашы жете элек өсүрүмдөр менен иштөө инспекторлору лагерь менен иш алып барышып, ар кандай темада жолугушууларды, маектерди өткөрүүдө.

Эске сала кетсек, 16-июндан тарта Бишкек шаарынын 46 мектебинде лагерлер ачылган.

Пикир

Оставить комментарий