• 80.26
  • 79.23
  • 1.36

Бишкекте мектеп директорлук кызматына 56 бош орун бар

160 кароо Коом 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Бишкекте мектеп директорлук кызматына 56 бош орун бар. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле мэриянын билим берүү башкармалыгынын өткөргөн мониторингине ылайык, калаанын муниципалдык билим берүү уюмдарынын 61 жетекчиси 5 жылдан ашык иштегени аныкталган.

"Учурда Бишкек шаары боюнча борбордун жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна 56 бош орун бар. Ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 14-июлундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо жөнүндө» буйругу менен жөнгө салынат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий