• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте мектеп лагерлеринин спартакиадалары өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Бишкекте мектеп лагерлеринин спартакиадалары өтүүдө, - деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, №28 орто мектеп-лицейинин базасында Биринчи май акимиаты мектеп лагерлери арасында спартакиада өткөрдү.

Мелдеш спорттун беш түрү боюнча: мини-футбол, аркан тартыш, дартс, ачык оюндар, эстафеталык жарыш боюнча өтүп, ага 300дөн ашык бала катышты.

I, II, III орундарды ээлеген катышуучулар кубок, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Спартакиаданын максаты балдардын эс алуусун уюштуруу, окуучуларды спортко тартуу жана сергек жашоого үндөө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий