• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте мектеп окуучулары арасында Республикалык спартакиада башталды

Спорт 0

Бишкек, 10-май /Роман Гайнанов – Кабар/. Бишкекте мектеп окуучулары арасында республикалык спартакиадасынын салтанаттуу ачылышы болду.

Иш чараны уюштуруучулардын айтымында, бул спартакиада жалпы билим берүүчү мектептерде дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Спартакиада 4 баскыч менен өтүп жатат. 1-баскыч – жалпы билим берүүчү мектептердеги мелдештер; 2-баскыч – мектептердин курама командаларынын катышуусундагы окуучулардын райондук, шаардык спартакиадалары; 3-баскыч – облустук спартакиадалар; 4-баскыч - Республикалык спартакиаданын финалдык мелдештери Бишкек, Каракол шаарларында Жалал-Абад, Ош, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй, Баткен облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында өтөт.

Финалдык мелдештерге республиканын аймактарынан 1999-жылы туулган жана андан кичүү окуучулар катышат.

Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайдын окуучулары Спартакиадага катыша алышпайт.

Пикир

Оставить комментарий