• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте мектеп окуучулары эки күнгө онлайн окутууга өттү

Коом 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Бишкекте түштөн кийин ( экинчи сменде) окуган бардык мектеп окуучулары 26-27-январда онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 28-январдан тарта окуучулар кадимки режимде окуй баштайт.

Ошондой эле Ош базарындагы 31-январь, дүйшөмбүдө өтө турчу санитардык күн бүгүнкүгө жылдырылды. Бүгүн, 26-январда базар жабык болот.

Мындай чечим Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында жолдордун тосулушуна байланыштуу кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий