• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мектеп окуучулары мушташа кетишкен (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. 9-мартта Бишкектеги Фучик көчөсүндө шаардык мектептердин биринин окуучуларынын ортосунда чыр чыккан. Бул тууралуу Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына эч кандай маалымат түшкөн эмес.

Бул факт Ленин райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында окуянын бардык катышуучулары аныкталды: 2007-жылы туулган Ш.А., Ж.Б., К.Р., А.А. жана 2008-жылы туулган Ж.А., И.Э. болушкан. Алар иштин бардык жагдайларын ар тараптуу, толук кандуу жана объективдүү тактоо үчүн Ленин райондук ИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

Ошондой эле, ата-энелер менен алдыда мындай чыр-чатактуу окуяларга жол бербөө боюнча, алардын жашы жете элек балдарынын тарбиясы кароосуз калбашы үчүн түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүлөт.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл иштер аткарылууда, анын жыйынтыктары тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий