• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды

Билим 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Бишкекте мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага КР Президентинин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, КР билим берүү жана илим министри Гүльмира Кудайбердиева, мектеп окуучулары, алардын мугалимдери жана ата-энелер катышышты.

2017-жылдагы Олимпиадага республиканын бардык аймактарынан 10-11-класстын 316 окуучусу катышты.

Олимпиада 10 сабак: информатика, физика, химия, география, математика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, тарых боюнча өткөрүлдү.

Быйылкы жылдын олимпиадасы live.manas.edu.kg сайтында, Youtube каналында жана Facebook социалдык тармагында онлайн режиминде көрсөтүлүшү менен өзгөчөлөндү. Ата-энелер жана көз карандысыз байкоочулар атайын жабдылган залда түз алып көрсөтүү менен камсыздалышты.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана китеп алууга сертификаттар белекке берилди.

Мындан тышкары, 1-орун алган катышуучулар республиканын ЖОЖдоруна Олимпиададагы сабагы туура келген адистик жана багыт боюнча сынаксыз кабыл алынат. Ошондой эле, жеңүүчүлөр Кыргызстандын атынан эл аралык олимпиадага катышуучуларын курамына кирет.

Олимпиаданын башкы максаты билимдүү жана жөндөмдүү мектеп окуучуларын аныктоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий